Окуялар

Кара-Кулжада жер көчкү активдешип, эки үй-бүлө коопсуз жайга эвакуацияланды

Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешип, эки үй-бүлө коопсуз жайга эвакуацияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жер көчкү 10-октябрда саат 14:00 чамасында активдешкен. Анын жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, массасынын көлөмү 42 миң 800 куб метрди түзөт. Жер көчкүнүн жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрге жеткен.

Көчкүнүн багытында эки турак үй, Ылай-Талаа–Гүлчө унаа жолу, электр көмөк чордон жана электр берүүчү мамылар жайгашкан. Коопсуздук максатында жалпы 11 адам эвакуацияланып, Тогуз-Булак айылындагы туугандарынын үйүнө жайгаштырылган.

«Учурда адистер жер көчкүнүн абалын изилдеп жатышат. Ошондой эле Ылай-Талаа–Гүлчө унаа жолунун 22–23-чакырымдарында убактылуу айланып өтүүчү жол салынууда. Кырдаал тиешелүү кызматтардын көзөмөлүндө. Жер көчкүнүн активдешүү себептери такталууда»,-деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Back to top button