Коом

УКМК: Баткен облусунда 3 жылдан бери иштебеген соттук-медициналык экспертиза бюросунун кызматкерлери мыйзамсыз маяна алып келишкени аныкталды

КР УКМК Мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам иш-чаралардын алкагында, кызматтык милдеттерин аткарууда финансылык тартип бузуу фактылары бар Баткен облустук соттук-медициналык экспертиза бюросунун кызмат адамдарынын кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды.

Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз борборунан билдиришти.

Тергөө учурунда Кызыл-Кыя шаарындагы химиялык лаборатория 2020-жылдан бери иштебей турганын, бирок лаборатория кызматкери маал-маалы менен жумуш ордун кыдырып, өзүнүн кызматтык милдеттерин иш жүзүндө аткарбагандыгына карабастан, айлык маяна алып жаткандыгы аныкталды.

Белгилей кетсек, объективдүү жана ар тараптуу тергөөгө чейинки аудиттик текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча 1 миллион 254 миң 200 сомдук каржылык мыйзам бузуулар аныкталган.

КР УКМК тарабынан чогултулган материалдардын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмү кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, Баткен соттук-медициналык экспертиза бюросунун жооптуу кызматкерлерине карата зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүп, андан соң тиешелүү юридикалык баа берилмекчи.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button