Коом

Салык кызматы лотереянын 46 жеңүүчүсүн таппай жатат

Салык кызматы «Чек талап кылып, байге утуп ал» лотереясынын 46 жеңүүчүсүн таппай жатат.

Лотерея ойнотулганына эки айдан ашты. Салык кызматы утушка ээ болгон 46 адамдын телефондору өчүк же туура эмес көрсөтүлгөнүн билдирди. Алар iPhone 14, смартфон жана ноутбук утушкан.

Тизме Салык кызматынын сайтына жарыяланды.

Декабрдын соңунда лотереянын экинчи этабы өтөт. Анда Бишкектен 10 батир, 11 электромобиль, чет өлкөгө 4 жолдомо, 100дөн ашык смартфон, 158 ноутбук жана башка байгелер ойнотулат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button