Коом

Ошто 3 мекеменин жетекчилери алмашты

Ошто 3 мекеменин жетекчилери алмашты. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Тиешелүү буйрукка Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев кол койгон.
Ага ылайык, Нурсултан Шакир уулу “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасынын жетекчиси болуп дайындалды. Буга чейин ал, Ош шаарынын мэриясынын жарандарды тейлөө бюросунун башчысы болчу.

Ал эми, Абай Большевиков “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасынын жетекчиси ордун тапшырып, «Жапалак унаа базары» муниципалдык ишканасынын директору болуп дайындалды.

«Жапалак унаа базары» муниципалдык ишканасынын директору Нурмухаммед Каракулов Ош шаарынын мэриясынын жарандарды тейлөө бюросунун башчысы болуп дайындалды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button