Коом

Жаратылыш ресурстар министрлиги Кемин районунда ак илбирс пайда болгонун билдирди

Кемин районунун Боролдой айылында Кызыл китепке кирген сейрек жырткыч — илбирс байкалды. Бул окуя 29-декабрда түнкү саат 23:20 чамасында болгонун Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, илбирс айыл аймагына түшүп, даракка чыгып алган. Окуя болгон жерге Чоң-Кемин мамлекеттик жаратылыш паркынын егери Ж. Чокоев жана мергенчи У. Абыканов ыкчам келип, жаныбарды коопсуз шартта дарактан түшүрүшкөн.

Белгилей кетсек, Илбирс Кыргызстан үчүн өзгөчө мааниге ээ символдук жаныбар болуп саналат. Анын ар бир жолу пайда болушу өлкөдөгү биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо ишинде маанилүү окуя катары бааланат.

Тектеш кабарлар

Back to top button