Коом

Кыргызстанда кызамык оорусу 2 жумадан бери азая баштады

Саламаттык сактоо министрлиги акыркы жумада ооругандардын саны 15%га төмөндөгөнүн билдирди.  

Жыл башынан бери кызамыкка 1982 адам чалдыккан. Алардын 147си чоңдор, 1835и балдар, анын ичинен 1454ү төрт жашка чейинки балдар арасында катталган.

Ош облусу, Бишкек жана Ош шаарлары кызамык көп жайылган аймактардын сап башында турат. 

Дарыгерлер кызамыкты дарылоонун атайын жолу жоктугун, аны эмдөө менен гана алдын алууга мүмкүн экенин эскертип келет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button