Спорт
Кыргызстандын футбол боюнча курамасы жолдоштук беттеште эмираттык клубга утулуп калды

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы эмираттык “Аль-Наср” футболдук клубу менен жолдоштук беттеш өткөрдү.
Кыргыз футболдук союзунан билдиришкендей, беттеш күн мурун, 7-сентябрда Дубайдагы (БАЭ) көп функционалдуу Аль-Мактум стадионунда өткөн.
Тараптар сентябрь айындагы машыгуунун алкагында оюн талаасына чыгышкан. 1:0 эсеби менен «Аль-Насрдын» оюнчулары жеңишти илип кеткен. Жалгыз голду эмираттык клубдун оюнчусу 86-мүнөттө киргизген.
Белгилей кетсек, бул беттеш машыгуунун алкагында «Ак шумкарлардын» алгачкы контролдук оюну. Эми «Ак шумкарлар» 12-сентябрда Кувейттин курама командасы менен оюн талаасына чыгат.



