Маданият

Кыргыз жоокеринин IX жана XV кылымдардагы соот кийимдеринин тарыхый реконструкциясынын көргөзмөсү өтөт

2023-жылдын  8-сентябрнан 8-октябырна чейин, Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде, жаш изилдөөчүлөрдөн турган илимий-чыгармачылык топ кыргыз жоокеринин соот кийимдерин тарыхый реконструкция аркылуу кайрадан иштеп чыгарылган өзгөчө үлгүлөрүнүн көргөзмөсүн тартуулайт. 

Көргөзмөдө IX жана XV кылымдарга таандык кыргыз жоокеринин эки комплект соот кийиминин тарыхый реконструкциясы, соотторду коштогон сүрөттөр (digital art) жана атайын тартылган анимациялык тасма көрсөтүлөт. Бул долбоор жаш изилдөөчүлөр тарабынан демилгеленип, реконструкция иштерине белгилүү тарыхчылар, археологдор жана этнографтар көмөк көрсөтүштү.

Көргөзмөнүн максаты байыркы жана орто кылымдарга таандык соот кийимдердин негизинде кыргыз жоокеринин дүйнө көрүүсүнө жана аскердик искусствосуна байланыштуу салттуу билимдерди жандандыруу жана маданий мурастарыбызды өнүктүрүп сактоо болуп саналат.

Көргөзмө Борбордук Азия Университетинин Маданий мурастарды сактоо жана гуманитардык илимдер бөлүмүнүн колдоосу, Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин, Chapansar студиясы жана  «Кийиз Дүйнө» коомдук фондунун көмөгү аркылуу ишке ашууда.

Көргөзмө 08.09.2023 ж., саат 16:00 ачылат.  Көргөзмөнүн куратору Миррахим Опош.       

Сурап билүү телефондору: 0771 458 549, 0551 458 549

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button