Казакстандагы бала бакчада үрөй учурган окуя катталган. Кыздын апасы акыйкаттык издеп жатат

Алматыда жеке менчик бала бакчалардын биринде 3 жашар кыздын жыныстык органы кесилип, канаган. Ал эми ошол учурда мекемедеги камералар иштебей калган. Бул тууралуу кыздын апасы билдирди, деп билдиретArbat.media.
Социалдык тармактарга тараган видеокайрылууда аял окуя 3-июнь күнү «Бактылуу балдар» жеке менчик бала бакчасында болгонун билдирген. Анын айтымында, саат 7:50дө кызын бала бакчага аман-эсен алып барып, саат 9:30да тарбиячылар чакыртып, келүүсүн суранышкан.
«Бала кароочу чалып, кызымдын этек кири келип жатканын айтты. Мен аларга Тез жардам чакыртуу керектигин айттым«,- деди апасы.
Кийинчерээк соттук-медициналык эксперттер кыздын кичинекей жыныстык органында кесилгенин аныкташкан. Апасы белгилегендей, бала бакчанын кызматкерлери кыздын жуулган кийимдерин кайтарып беришип, жаракат алган кызын апасы өзү таштап кеткенин айтып, күнөөлөшкөн. «Кызым 2 күн дааратканага бара албай ыйлады»,- деди апасы. Ал видео көзөмөлдөн көрсөтүүнү талап кылган. Бирок ал күнү камера иштебей калганын айтышкан. Апасы кызынын эмне болгонун азыркыга чейин билбейт.



