Коом

УКМК: “Кыргызалтын” ААКнын автотранспорт ишканасы филиалында 12 242 627 сомдук финансылык мыйзам бузуулар аныкталды — ВИДЕО

КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында жайгашкан “Кыргызалтын” ААКнын автотранспорт ишканасы филиалынын (АТИФ) жооптуу адамдары тарабынан акча каражаттарын мыйзамсыз эсептен чыгарууга байланышкан коррупциялык көрүнүштөрдүн белгилери жана фактылары аныкталды.

Тергөөнүн жүрүшүндө 2020-жылдан бери АТИФтин балансында турган ондогон атайын техникалар жана унаалар иштебей турганы аныкталган. Бирок, буга карабастан АТИФтин жооптуу адамдары тарабынан жогоруда аталган техникалар үчүн тетиктер жана күйүүчү-майлоочу майлар сатылып алынып турган.

Ошондой эле, 2019-2021-жылдар аралыгында “Кыргызалтын” ААКнын автотранспорт ишканасы филиалынын мурдагы директору М.М.М. менен жеке ишкер И.Р.К. темир жол рельстерин оңдоо үчүн зарыл болгон материалдарды алып берүүгө жана аларды оңдоо (монтаждоо жана демонтаждоо) боюнча иштерди жүргүзүүгө жасалма келишимдерди түзүшкөн. Бирок, подрядчы тарабынан материалдарды жана жогоруда аталган оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес, ал филиалдын жооптуу адамдарынын өтүнүчү менен гана сынакка катышкан. Подрядчы анын банк эсебине которулган бардык каражаттарды “Кыргызалтын” ААКнын автотранспорт ишканасы филиалынын кызматкерлерине өткөрүп берген.

Ошону менен, 2020-жылдын 1-январынан 2023-жылдын 1-августуна чейинки аралыкта “Кыргызалтын” ААКнын АТИФтин ишмердүүлүгүндө жалпы суммасы 12 242 627 сомду түзгөн финансылык мыйзам бузуулар аныкталган.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында ишкананын мурдагы директору жана башкы инженери Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 245-берененин 4-бөлүгүнүн 3-пунктунда (өзгөчө оор өлчөмдө зыян келтирүү менен жасалган коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу) каралган кылмыш жасаган деген шек менен убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат, — деп билдирди УКМКнын Басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button