Коом
Ысык-Көлдө прокуратура кызматкерлери үчүн көп батирлүү үй курулат
Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясы 2 кабаттуу көп батирлүү үй курууга тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматына ылайык, батирлер Жети-Өгүз райондук прокуратурасынын кызматкерлери үчүн салынат.
Үй Кызыл-Суу айылында курулат. Тендердин пландалган суммасы 19 млн 118 миң 120 сомду түзөт.



