Маданият

Москвада кыргыздын улуттук кийимдерин даңазалаган фестиваль өтөт

Москва шаарында «Кыргыз мурасы- Культурный код» фестивалы өтөт. Иш-чара Альфа конгресс борборунда саат 14:00дө башталат.

«Иш-чаранын максаты кыргыздын улуттук кийимдеринин түп нускасын даназалоо жана бүгүнкү күндөгү заманбап дизайнерлердин эмгектерин көрсөтүү. Москва шаарында иштеген чеберлерди жана дизайнерлерди бир аянтчага чогултуу, кыргыздын оймо-чиймелеринин маанисин даназалоо.
Кыргыздын баш кийимдери болгон ак калтын үлгүсү боюнча Кыргызстандан келген мыкты чебердин көргөзмөсү болот. Кол өнөрчүлөр жана чеберлердин жарманкеси өткөрүлөт. Кыргызстандан келген белгилүү чеберлер, дизайнерлер Клара Бектемирова, Байра Толгонай, Закия Насирдинова жана Москвадагы дизайнерлер Үмүт Бердигулова, Бегимай Каныбай кызы катышат. Иш-чара Москвадагы мыкты ырчылардын катышуусундагы салтанаттуу концерттик программа менен жыйынтыкталат»,- деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button