Россия Кыргызстан менен Тажикстанды кескин билдирүүлөрдү жасоодон карманууга чакырды

Москва жаралган жагдайлар өкмөттөр аралык комиссиянын алкагында саясий-дипломатиялык жол менен гана чечилиши керектигин белгиледи.
“Досторубузду жана союздаштарыбызды кескин билдирүүлөрдөн жана ойлонулбаган кадамдарды жасоодон карманууга чакырабыз. Бул соңку убакта кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүү процессинде позитивдүү жыйынтыктарга кедергисин тийгизиши ыктымал”, — деп жазылат Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматта.
Буга чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстандын көп жерлери Тажикстанга өтүп кеткенин тастыктаган бир катар документтер табылганын айткан.
Бул коңшу өлкө койгон дооматтарга жооп болорун билдирген. Эртеси Тажикстан КРдин элчисин чакырып, Ташиевдин сөзүнө тынчсыздануусун билдирген.



