Чекист генерал тууралуу китеп жарыкка чыкты

Чекисттер тууралуу маалыматтар, алардын жумушу да коомчулук үчүн кызыктуу. Сыр ар дайым кызык…
Билген адам үчүн бүгүн чекисттерге үлгүлүү белек тартууланды. Белгилүү жазуучу, журналист Бекен Назаралиевдин 30 жылдык эмгегинин жыйынтыгы менен “Генерал Асанкулов” аттуу эки томдук китеби жарык көрдү. Китеп Асанкуловдун көзү тирүүсүндө жазыла баштаган. Китепте советтик чалгын кызматынын көрүнүктүү өкүлү, союздук республиканын КГБсын жетектеген, КГБнын жооптуу кызматтарында иштеген союздагы таасирдүү, чыныгы кыргыз чекистти генерал Асанкулов тууралуу баяндалат. 1-томунда генералдын өзүнүн маеги берилет. Асанкулов ошол мезгилдеги саясый, тарыхый окуяларга күбө болуп, чечимдердин кабыл алынышына катышканы айтылат. Андропов менен достугу, Акаевдин сунуштары, Асанкулов Кыргызстанды башкарып калышы мүмкүндүгү тууралуу кызыктуу окуялар жазылат.
Китеп УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин баш сөзү менен башталат. Китептин басмадан чыгышына да Камчыбек Ташиев демөөрчүлүк кылган, — деп айтылат маалыматта.



