Камчыбек Ташиев ундун жана азык-түлүктөрдүн баасы көтөрүлбөй турганын айтты
Министрлер кабинетинин төрагасынын орунбасары, УКМК башчысы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда азык-түлүк, ундун баасы көтөрүлбөй турганын Фейсбуктагы баракчасына жазып, мындан “хайп” жасоонун кереги жок экенин билдирди.
Ал: «Урматтуу мекендештер!
Ундун баасы боюнча которулуп кетти деп «хайп» кармаган депутаттарга айтаарым баа көтөрүлбөйт,мамлекетте кошумча чаралар көрүлгөн.Туура, казактардын унунун баасы көтөрүлдү,ал бизден көз каранды эмес жана элибизге эч кандай зыян алып келе албайт.
1- сорт ундун баасы 30 с/кг,бир кап ун 1500 сом,жакын арада мындан да төмөндөшү у мүмкүн, себеби арзан баада камдап койгон буудайларыбыз кийинки түшүмгө чейин жетет.
Өсүмдүк майы, кумшекер да жетиштуу, баалар көтөрүлбөйт!
Мамлекетибиздин азык түлүк коопсуздугу жетиштуу камсыздалган,” – деп жазды Ташиев.



