Коом

Жайыттарды калыбына келтирүү иштери башталды

Учурда Россиядан алып келинген көп жылдык чөптүн үрөнү Каркыра айылындагы деградация болгон жайыттарга себилүүдө. Алты чөптүн уругун Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү менен Каркыра айыл аймагынын кызматкерлери сээп жатышат.  

Өлкөдө 9 млн. 371 миң гектар жайыт бар. Акыркы убактарда малдын туягы көбөйгөнүнө байланыштуу миллион 800 миң гектар жайыт деградацияга учураган, анын ичинен 240 460 гектар жер өтө эле арыктаган.  

Быйыл Россиядан 100 тоннага чукул көп жылдык чөптүн алты түрүнүн үрөнү алып келинди. Үрөндөр Кыргызстандын климатына ылайык келет. Анын 5 тоннасы өлкөдөгү үрөнчүлүктү өнүктүрүүгө, калган 95 тоннасы жайыттарды калыбына келтирүүгө жумшалат.  

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button