Коом
Нарында аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу бир катар ашуулар жана жолдор жабылды

Нарын облусунда аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу бир катар ашуулар жана унаа жолдору убактылуу жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда Транспорт министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, төмөнкү жол тилкелеринде унаа кыймылы чектелди:
- Казарман — Жалал-Абад унаа жолундагы Сары-Кыр ашуусу;
- Ат-Башы — Кында — Торугарт автомобиль жолундагы Кында ашуусу;
- Нарын-Орук-Там унаа жолунун Эки Нарын айылынын 50-чакырым аралыгынан, Капчыгай бөлүгүнүн 75-чакырымына чейинки унаа жолу.
»Аталган жол тилкелерин жана ашууларды жаз айларында аба ырайынын шарттарына жана жолдун абалына жараша ачуу пландалууда», — деп кошумчалады министрлик.



