КоомСаясат

Спортчуларды жакшы тосуп албаган үчүн Эдил Байсалов менен Алтынбек Максутов эскертүү алды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго жана маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутовго эскертүү берилди.

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, тапшырылган эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Байсалов Эдил Жолдубаевичке жана маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Максутов Алтынбек Аскаровичке эскертүү берилди.

Бул чечим Сербиядан Кыргызстанга кайтып келген Күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын байге ээлерин тосуп алууну жетиштүү деңгээлде уюштурбагандыгына байланыштуу кабыл алынды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button