Ысык-Көлдүн милициясы кадрлар кызматкерлерин куттукташты — ФОТО

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгында кадр бөлүмүнүн түзүлгөндүгүнүн 98 жылдык майрамы менен, анын кызматкерлерин жана ардагерлерин салтанаттуу жыйын менен куттукташты.
1925-жылдын 28-сентябрь күнү РСФСРдин Бүткүл Россиялык Борбордук Аткаруу комитетинин жана Эл комиссарлар Кеңешинин декрети менен жумушчу-дыйкан милициясынын кызматы жөнүндө Жобо бекитилип, анда милиция кызматкерлеринин укуктары жана милдеттери, кызматка кабыл алуу, бошотуу жана кызмат өтөө тартиби жөнгө салынган болчу. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын ИИМдин буйругу менен бул күн кадр кызматынын түзүлгөн күнү катары белгиленген.
Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Арсен Самаев кадрлар аппараттынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап жатып, аталган кызмат ар кандай өзгөрүүлөргө дуушар болгонун белгиледи. Бирок, бул системанын башкы милдети — ички иштер органдарын билимдүү, ошондой эле зарыл болгон моралдык-психологиялык сапаттарга ээ болгон жогорку кесипкөй адистер менен камсыз кылуу милдеттери эч өзгөрбөстөн кала бергендигин белгилеп кетти.
Бүгүнкү күндө облустук милициянын кадрлар бөлүмүнүн негизги багыттарынын бири кадрларды даярдоо болуп саналат. Милиция бөлүмдөрүнүн кадрдык курамын түзүү, кесиптик даярдык, өздүк курам жана билим берүү мекемелери менен тарбиялык иштер, кызматкерлерди жана ардагерлерди социалдык коргоо – ушул жана башка көптөгөн маселелер кадрдык аппараттын бөлүмдөрүнүн адистери тарабынан чечилип келүүдө, — деп билдирди Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан.









