Дүйнө

Иракта үйлөнүү тоюнда чыккан өрттөн жүздөн ашуун киши каза болду

Ирактын түндүгүндө үйлөнүү үлпөт тоюнда чыккан өрттөн 100дөн ашуун адам каза болуп, 150дөй киши жараат алды.

Reuters маалымат агенттиги жергиликтүү жарандык коргонуу агенттигине шилтеме берип жазгандай, той учурунда фейерверк атылгандан кийин иш-чара өтө турган чоң залды өрт каптаган. Бирок азырынча өрт эмнеден чыкканы тууралуу расмий маалымат жок.

AP агенттиги бийлик курмандыктар дагы көбөйүшү мүмкүн экенин эскерткенин билдирди.

Өрт 26-сентябрдын кечинде Ирактын Найнава провинциясынын Хамдания аймагында болгон.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button