Коом
Кыргызстанда чыгарылган ноутбуктар канчадан сатылаары айтылды

Maken бренди менен Кыргызстанда чыгарылып жаткан «Кыргызэлектроника» сатыктагы ноутбуктардын санын көбөйтүүгө ниеттенип жатат.
Бул тууралуу мамкомпаниянын жетекчиси Илья Чёрный «Биринчи радиого» берген маегинде билдирди.
Айтымында, ноутбук Untel Core i5 процессоруна ээ, ал окууга жана жумушка колдонууга ылайыктуу болот. Башкача айтканда оюн үчүн эмес, жалпы керектөөчү тапшырмаларды аткарат. Экрандын диагоналы-14 дюйм, боз өңдө.
Анда лиценциялуу Windows операциялык системасы бар.
«Ноутбуктун чекене баасы 35 миң сом деп бааланууда», — деди Черный.
Ошондой эле ал Meken ноутбуктарын университеттер жана жеке мектептер аз партияда сатып алып жатышканын белгиледи. Ал турмак Россиядагы университеттердин бири да кызыгуусун билдирген.



