Коом

Бишкектин айрым жерлеринде 3 күн газ болбойт

Бишкектин айрым жерлеринде 3 күн газ болбойт. «Бишкекгаз» шаардык газ кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2-октябрдан 4-октябрга чейин №16 газды жөнгө салуу пунктунда жабдууларды алмаштырууга байланыштуу Фрунзе, Сүйүмбаев, Ибраимов, Огомбаев көчөлөрү боюнча жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт.

«Бишкекгаз» түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерди жаратылыш газын берүүнү убактылуу токтотууну түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт, ошондой эле абоненттерди аталган убакыт аралыгында энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button