Коом
Чек арадан өтүп кеткен малдар милициянын жардамы менен кайтарылды

Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагына караштуу Дөбө айылынын 53 жаштагы тургунунун 10 баш койлору 2023-жылдын 3-октябрь күнү коңшулаш Таджикстан Республикасынын Согди облусунун Исфара районунун Лаккан айылына кирип кеткен.
Бул кабарды уккан Кара-Бак айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери коңшулаш тажик кесиптештери менен өз ара сүйлөшүп ушул эле күнү чек арадан өтүп кеткен 10 баш кой кайра Кыргызстанга өз ээсине кайтарылды.



