Коом

Сокулукта балдарын саткан аял. Алардын тагдыры кандай болгонун министрлик билдирди

Сокулук районунда энеси сатып жиберген балдарды багып алышты. Бул Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги ММК булактарына билдирди.

Учурда балдар багып алган ата-энесинин жанында.

«Балдар расмий түрдө багып алынды. Учурда алар багып алган ата-энелеринин жанында. 2023-жылы төрөлгөн кичүү кызынан энеси төрөт үйүнөн эле баш тарткан. Анын 2020-жылкы төртүнчү баласы дагы бар. Ал чоң энеси менен жашап жатат», — деди ведомстводон.

Министрлик багып алуу сыр болгондуктан башка маалымат берген жок.

Буга чейин Сокулук районунда аял өзүнүн балдарын сатып салганы аныкталган. Чүй облустук ИИББдин маалыматына караганда, эркек киши мурдагы аялына чара көрүүнү суранып милицияга кайрылган. Ал аялы балдарын көрсөтпөй жүргөнүн айткан. Кийин аял эки кызы менен бир уулун сатып салганы аныкталган. Шектүү камакка алынды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button