Камчы Көлбаевдин сөөгү туугандарына өткөрүлүп, Ысык-Көлгө алып кетишкени айтылууда

Кечээ, 4-октябрда өлтүрүлгөн кримтөбөл Камчы Көлбаевдин сөөгү туугандарына өткөрүп берилген. Бул маалыматты Республикалык соттук-медициналык экспертиза борбору тастыктаган.
Ал эми жергиликтүү ЖМКлар сөөктү аны кичи мекени болгон Ысык-Көлгө алып кетишкенин жазып жатышат.
4-октябрда саат 15:30 чамасында Бишкектин Ибраимов менен Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Блондер паб» ресторанында кримтөбөл Камчы Көлбаевди кармоо операциясы жүрүп жатканы тууралуу маалыматтар чыккан. Соцтармакта кармоо операциясынын жүрүшүнөн ок атышуунун үндөрү угулган видеолор да тараган. Кийинчерээк УКМК маалымат таратып, анын жок кылынганын билдирген. УКМКнын маалыматына караганда, Камчы Көлбаевге каршы кылмыштуу топтун лидери, «Дөө» каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катыштыгы бар деген жарандардын арыздары боюнча да тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат.
«Ал УКМКнын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына көңүл бурбастан, ок атуучу куралдарды колдонуу менен куралдуу каршылык көрсөткөн. УКМКнын кызматкерлеринин өмүрүнө жана ден соолугуна ок атуучу курал менен кол салган Камчы Көлбаевдин кылмыштуу иш-аракеттеринин натыйжасында УКМКнын спецназынын кызматкерлери өлтүрүү үчүн жооп кайтарышкан«,- дешти.



