Окуялар
Ошто көп кабаттуу үйдүн лифти үзүлүп, ичиндеги жаран каза болгону айтылды

Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдөгү лифтен лифтчи каза болду. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясы өздүк булактарына таянуу менен жазып чыкты.
«4-октябрь күнү саат 19:20 чамасында Курманжан Датка көчөсүндөгү №370-үйдүн лифтинин шахтасына кулап, лифтчи каза болгон. Бизде өтө кооптуу, лифт тынымсыз бузулуп турат. Кээде бир күндө лифтчиге төрт жолу телефон чалган учурдар болот”, — деп билдиришкен үйдүн жашоочулары.
Бирок лифтчи каза болгондугу тууралуу такташкан эмес.


