
Легендарлуу алып баруучу жана жаныбарлар дүйнөсүнүн эксперти Николай Дроздов рак оорусуна чалдыкты.
«Ал ооруканада оор абалда», — деп жазат SHOT өз булагына таянуу менен.
Акыркы убакта 86 жаштагы алып баруучунун абалы байкаларлык начарлап кеткен. Катуу жана туруктуу ооруганына даттанган. Борбор калаадагы клиникада текшерүү учурунда простата безинин шишиги табылган.
Биопсия анын залалдуу шишик экенин тастыктаганю Дарыгерлер химиотерапия курсун өткөрүүнү сунушташат, бирок Дроздовгипертониялык жүрөк оорусу менен ооруйт.



