Коом

Азия оюндарынан байгелүү кайткан спортчуларга акчалай сыйлык ыйгарылды

Кыргызстандын курама командасы Азиадада төрт алтын, эки күмүш, тогуз коло медаль алды. 

Министрлер кабинетинин 1 млн 250 миң сомдук сертификаттары Эрлан Шеров (дзюдо), Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков (грек-рим күрөшү) жана Айпери Медет кызына (кыз-келиндер күрөшү) тапшырылды. 

Күмүш медаль алган Адилет Шадыканов (карате) менен Нурзат Нуртаевага (кыз-келиндер күрөшү) 750 миң сомдон берилди. 

Ал эми колого татыган Айсулуу Тыныбекова (кыз-келиндер күрөшү), Раззак Бейшекеев (грек-рим күрөшү), Авазбек Аманбеков, Темирлан Аманкулов (ушу-саньда), Сардане Трофимова (жеңил атлетика), Назим нурланов, Кымбат Тойтонова (карате), Орозбек Токтомамбетов жана Айаал Лазарев (эркин күрөш) 500 миң сомдон алышты. 

Спортчулардын машыктыруучуларына да акчалай сыйлык тапшырылды. 

@abal-kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button