Коом
Айгүл Жапарованын атын жамынып, мамлекеттик кызматка коебуз деген шылуундар көбөйдү— Алагөзов

Айгүл Жапарованын атын жамынып, мамлекеттик кызматка коебуз деген шылуундар көбөйгөнүн президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Ал биринчи айым мамлекеттик, муниципалдык кызматтарга жана жеке компаниялардагы кызматтарга дайындоо үчүн эч кимге тапшырма бербей турганын эскертти.
“Ушундай маанидеги убада менен кайрылгандарды шылуундар деп билиңиздер”, — деди президенттин катчысы.



