Саясат

ЖК депутаты Бейшеналы Нурдиновдон коронавирус аныкталды

“Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Бейшеналы Нурдинов COVID-19 инфекциясын жугузуп алганы аныкталды.

Маалыматты саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 20-июнда брифингде ырастады. Анын сөзүнө караганда, жалпы Жогорку Кеңештин депутаттарынын баары лабораториялык ПЧР анализ тапшырышкан, Нурдиновдон башка депутаттардын анализи таза чыккан.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы парламенттин аппарат кызматкерлери да коронавируска лабораториялык текшерүүдөн өтүп, жыйынтыгы таза чыкканын кабарлады.

Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулунан 17-июнда коронавирус аныкталган. Ал азыр Токмоктогу жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланып жатканын, абалы жакшы экенин билдирген.

Эскерте кетсек, бүгүн 20-июнда Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов, 19-июнда Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев, Ош облусундагы Араван районунун акими Курбанбай Айтибаев коронавирус илдетине чалдыкканы маалым болгон.

20-июнга карата Кыргызстанда 192 адамдан коронавирус илдети аныкталып,  бул оорудан үч киши каза болду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button