ЖАН ДҮЙНӨ, ТАГДЫР

Тагдыр. Кезинде ийилип салам айткандар азыр тээп өтөт

Шаардын сыртында таежем жашайт. Дем алышта шаардын ызы чуусунан тажап балдарды алып кетип калдым. Таежем кең пейил, колу ачык адам. Биз барганда короо жайын жыйнап жүрүптүр. Бизди көрүп маңдайы жарыла сүйүнүп тосуп алды.

Апам каза болгондон бери таежем апамдай болуп калган. Жанына келип бир топ жеңилдеп, болгон бугумду чыгарып айтып алам. Көөп жакшы кеңештерин айтып, баары менен сый бол, артынан сөз айтпа ал баары бир бир күнү ошол адамга жетет деп жолго салат.

Бүгүн да кобурашып бир топко чейин кобурашып отурдук. Бир кезде сырттан «эжешка это я» деген үн чыкты. Чочуп кеткенимди байкап таежем:

Коркпо балам, бул Серёга кечинде ушинтип келип тамак алып кетет. Сыртка даярдап коюп коём, — деди.

Анан оор үшкүрүп Серёганын жашоосун айтып берди.

Ээ балам Серёга кезинде кычыраган айылыбыздын алды жигити эле. Ичкилик да баягы эле түбүнө жеткен. Серёга өзү тээ ЦУМда алтын буюмдарын ремонттоп иштейт эле. Кандай шайтан азгырды билбейм ичип эле жатып алды. Аялы бала чакасын алып кетип калды. Бир тууган карындашы бар ал да келбей калды. Бир кезде айылдын эң бай адамы акырындан жүдөп, өңүнөн кетип көз алдыбызда бомжго айланды да калды. Айылдын башында жашаган Эрмекке үйүн сатты, акчасын ичти. Азыр сарайда жашайт. Ар ким жалдап барып 5-10 тыйынга жумушун жасатат. Кээ бирлери уруп сабап, арагын куюп берип акчасын бербей коёт. Анан мен боорум ачып күндө кечинде тамак берип турам. Анча мынча лампочкаларымды алмаштырып, күйүп кеткен резаткаларды оңдоп берет. Орус болсо да адам да балам. Муну да бир эне тогуз ай толготуп төрөдү. Эркине алы жетпей ичип кетти. Адам бат өзгөрөт, бай кезинде ийилип салам бергенден азыр тээп өтөт,- деди.

Орустар ушундай ээ деп ойлонуп барып, бирок азыры кыргыздар дэле ушундай мээримсиз болуп бара жатабызбы деп коем. Бизде деле ичкиликке берилип бар оокатын үй мүлкүнөн ажырап канчасы жүрөт бомж болуп. Бирок биздин кыргыз бомждору жалданып иштегенди анча жактырбайт экен. Анткени бир ирет кайын атам кой кайтарганга деп Ош базар жактан эки үч бомжга барып сүйлөшүп, тамак аш берем, айлык төлөп берем кой кайтарасыңбы дегенде көнбөй коюшкан. Кандай болгон күндө да ар качан адамга ар кандай сыноо келет аны кандай көтөрүү ар бир адамдын өзүнүн эркинен көз каранды эмеспи.

Тектеш кабарлар

Back to top button