Коом

Россиянын президенттик администрациясы Жалал-Абаддагы эмгек ардагерлерин сыйлады

Россия президентинин администрациясынын региондор аралык жана маданий байланыштар боюнча башкармалыгынын башчысы Игорь Маслов баштаган делегация Жалал-Абад шаарына келди.

Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү кабарлагандай, сапарынын алкагында делегация өкүлдөрү облустагы 120 эмгек ардагерине сый дасторкон уюштурду.

Иш-чарага Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев, Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат катышты.

Саамалыкта Жалал-Абад облусунда 10-11-октябрь күндөрү Кыргыз-Россия аймактар аралык 10-конференциясы өтүп жатканы белгиленди. Анын алкагында эки мамлекеттин достук жана маданий байланыштарын бекемдөө, облустун бир катар тармактарында эмгек өтөгөн ардагерлерди сыйлоо максаты көздөгөнү айтылды.

Жалал-Абад шаарында өтүүчү конференция алкагында да тараптардын кызматташтыгы жаңы деңгээлге көтөрүлүп, ири долбоорлор боюнча келишимдер кабыл алынары кошумчаланды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button