Коом
30-июлга карата аба ырайы

Бүгүн айрым тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +32…+37, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +34…+39, Таласта +30…+35, Ысык-Көлдө +26…+31, Нарын регионунда +27…+32 градус ысык болот.
Термометрдин көрсөткүчү борбор каалада +34…+36 градуска чейин жетет.



