Тагдыр. Жетим жетилди, жеңелердин жемеси артта калды

Кошунабыздын улуу келини төрөттөн каза болду. Кичинекей ымыркайды чоң апасы эчкинин сүтүн берип багып чоңойтту. Баланы жеңелери көп батырбай кир когун жууганы тамагын жасап бергени үчүн жаман көрүшүп жер көз болуп чоңойду. Дайыма кагып силкинүүнүн астында чоңойгон бала окууну аяктап менен шаарга кетип калган.
Азыр бул окуяны уккан ар бир адамдын жүрөгү сыздайт. Анткени кээде адамдын эң чоң жарасы — денесиндеги эмес, бала кезинде жүрөгүнө түшкөн жара болот.
Карыган эне наристени бооруна кысып:
— Бул бала жетим эмес, менин балам. Мен барда ал кароосуз калбайт, — деп өзүнө убада берди.Түнү менен бешик терметип, күндүзү эмгек кылды. Баланын курсагын тойгузуш үчүн эчки саап, сүтүн берип өстүрдү. Өзүнүн жашы, ден соолугу эмес, небересинин келечеги гана аны ойлонтту.
Бирок ошол үйдө баары эле чоң ападай мээримдүү болгон жок…Кичинекей бала чоңойгон сайын жеңелери аны өз баласындай кабыл алышпады. «Жетим бала» деген сөз анын кичинекей жүрөгүн канча жолу оорутканын эч ким билбейт. Үйдүн оор жумуштары анын кичинекей колдоруна тийди.
Ал кээде терезеге карап: «Менин да апам болгондо кандай болмок?» — деп ичинен сызып ыйлачу. Бирок ар дайым жанында чоң апасы бар эле.
— Балам, бүгүнкү күнгө кайгырба. Кудай эч кимдин көз жашын унутпайт. Сен жакшы адам бол, бир күнү баары өзгөрөт, — деп маңдайынан сылачу.
Ошол сөздөр балага күч берди. Мектепти бүтүп шаарга тайакесинин колуна кетти. Артында оор балалыгы, үнсүз ыйлары жана аны сактап калган чоң апасы калды.
Шаарга барып, билим алды. Карындашымдан калган белегим деп тайакеси жакшы карады. Бала өзү да аракеттенип окуп-үйрөндү. Күндөрдүн биринде кечээ эле жетим бала деп көрүлгөн бала өз күчү менен чоң ийгиликке жетти.
Арадан көп жыл өттү. Бир күнү айылга кымбат унаа келип токтоду. Андан түшкөн жигитти көргөндөр таң калышты. Бул баягы кичинекей кезинде кор болгон, бирок жүрөгүндө кек сактабаган бала эле. Ал биринчи болуп чоң апасынын үйүнө жөнөдү. Эшиктен киргенде карыган чоң апасын көрүп, көзүнө жаш толду. Ал чуркап барып, анын колун кармады.
— Чоң апа, менин бүгүнкү күнгө жеткеним сиздин аркаңыздан. Мени эч ким эмес, сиз адам кылдыңыз, — деди.
Карыган эне көзүнө жаш алып, небересинин жүзүнөн сылады. Ал эми бир кезде аны кемсинткендер эми башкача мамиле кыла башташты. Кечээ эле үнүн укпай койгондор бүгүн анын алдында жылмайып турушту. Анын байлыгын көрүп, жакын болууга аракет кылышты.
Бирок ал алардын бүгүнкү мамилесине эмес, кечээги мамилесине баа берди. Анткени ал бир нерсени түшүнгөн эле: адамдын чыныгы байлыгы — акчасы эмес, жүрөгүндөгү адамгерчилиги.


