Пайдалуу кеңештер
Кечкисин көп тамактануу ден соолукка терс таасирин тийгизиши мүмкүн

Мындай эскертүүнү диетолог Паула Эрнандес билдирди.
Анын айтымында, адамдын организми белгилүү бир биологиялык (циркаддык) ритмге баш иет. Эгер адам кечинде, өзгөчө уктаардын алдында өтө көп же оор тамак жесе, тамак сиңирүү жайлап, зарна, ашказандын оорушу же сиңирбөө сыяктуу көйгөйлөр жаралышы мүмкүн. Мындан тышкары, уйкунун сапаты начарлап, эртеси чарчап ойгонуу ыктымалдыгы жогорулайт.
Ошол эле учурда адис эртең мененки чарчоону бир гана кечки тамактануу убактысы менен түшүндүрүүгө болбой турганын белгиледи.
Анын айтымында, мындай абалдын себептери ар түрдүү болушу мүмкүн. Ошондой эле тамак сиңирүү көйгөйлөрү бар адамдар үчүн кеч тамактануудан тышкары, күн сайын кандай азыктарды жегени да чоң мааниге ээ.



