Кыргызстан экономикасы тогуз айда 4,2% жогорулап, 808,3 млрд сомду түздү
Улуттук статистика комитетинин тогуз айга карата чыгарган жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын ички дүң өнүмү (ИДӨ) 2023-жылдын январь-сентябрь айларында 808,3 млрд сомду түздү. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 4,2% жогорулаганын билгизет.
Мекеме билдиргендей, мунун ичинде курулуш тармагы 13,7%, кызмат көрсөтүү тармагы 5,1%, пайдалуу кендерди казуу 3,8% өсүш менен чыкты. Айыл чарба жана өнөр жай дээрлик өткөн жылкы көрсөткүчтөр менен бирдей болду.
Кыргыз өкмөтү алгач 2023-жылы экономикадагы өсүш 4,9-5% болот деп болжолдоп жаткан. Кийин такталган эсебинде мерчемди 4,5% чейин түшүргөн. Мунун себебин Экономика министрлигиндеги аткаминерлер Кумтөрдөгү алтын өндүрүшү кыскарганы менен түшүндүргөн.
Улуттук статистика комитетинин соңку маалыматтарына ылайык, Кыргызстанда ИДӨ соңку жылдары 4-5% темп менен өсүп келсе, 2020-жылы 7,1% чейин түшүп кеткен. Такталган эсепте 2021-жылкы өсүш 5,5%, баштапкы эсепте 2022-жылкы өсүш 6,3% деп саналды. Адистер бул эки жылдагы көрсөткүчтөр 2020-жылы коронавирус пандемиясынан улам экономика төмөндөп кеткен учурга салыштырмалуу көп көрүнүп жатканын белгилешет.



