Коом

Бишкекте 4700 сомдон көмүр сатылууда. Дареги

«Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасы тарабынан Ден-Сяопин, 306 б дарегинде 4700 сомдон көмүр сатуу пункту уюштурулду. Көмүр вагондор менен ташылат, бүгүнкү күндө 800 тонна көмүр бар.

Белгилей кетсек, бюджеттик мекемелер, социалдык объектилер жана калк үчүн 2023-жылдын 2-сентябрынан баштап көмүр ташылып, күнүнө 5,0-6,0 миң тоннага жакын көмүр же 200-250 унаа көмүр ташылып келет.

Кошумчалай кетсек, жакынкы күндөрү оор жүк ташуучу унаалар менен төмөндөгү даректерге 4700 сомдон көмүр келери күтүлүүдө.

-Мурманская 126;

-Алыкулов 6 б;

-Алматинская-Обьездная (кесилиште);

— Нижняя Аларча айылы (Курманалиева көчөсү б/н).

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button