Коом

Өлкөдө психикалык жактан оорулуу 51,2 миң адам каттоодо турат. Алардын көбү эркектер

Кыргызстанда психикалык жактан жабыркаган 51 207 адам каттоодо турат. Бул туурасында Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору билдирди.

Анын ичинен 21 551и – аялдар, ал эми 29 656сы – эркектер. Мындай оорулар менен жабыркаган эркек кишилер аялдарга караганда 8 105ке көп экени байкалган.

Учурда өлкөдө психикалык оорулар жана психикалык активдүү заттарды колдонуунун ден соолукка тийгизген кесепети тууралуу калкка маалымдоо боюнча бир айлык жүрүп жатат. Анын девизи “Психикалык саламаттык — адамдын универсалдуу укуктарынын бири” деп аталат.

Ал эми Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, жер жүзүндө жүзүндө 450 миллиондон ашык адам психикалык же неврологиялык оорулар менен жабыркайт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button