Коом

Бишкекте аялды эки баласы менен өлтүрүүгө шектелген Чынтемир Ашыралиев сотто көрсөтмө берди

Эске салсак, быйыл 16-февралда 51 жаштагы Алтынай Ханзаманова жана анын 17 жаштагы кызы менен 9 жаштагы уулу өз үйүндө киши колдуу  болгон. 

Айыпкердин айткандары:  

▪️Алтынай эже “балдардын атасы жок” деген, “крестный отец” катары жардам берчүмүн. Ортобузда интимдик байланыш болгон эмес.  

▪️Ошол күнү мен келгенче ичимдик ичиптир. Балдарын урушуп атты, бир карасам кызын сабап, чачынан жулуп жатыптыр. 

▪️Бычакты кызы Сайкал дагы кармап турган. Ал “бизди балдар үйүнө берип сал” деп кыйкырып атты. Ошондон кийин эсимде жок. Өлүк жатканы эсимде.  

▪️Милиция чакырбай, коркуп, качтым окшойт. Кийинки күнү турнир бар болчу, үйгө барып, костюм кийип кеттим. 

▪️Алтынай эже балдарын көп урчу. Бир жолу кызына бычак менен тап берип, Сайкал ваннага жашынып калыптыр.  

▪️Алтынайды мен, балким Сайкал өлтүрдү. Ызы-чуу болуп жаткан. 

▪️Балдарды Алтынай эже өлтүрүшү мүмкүн… 

▪️Баланын өлүгүн көрүп, үстүн жаап, коркпосун деп оюнчугун жанына коюп койгом. 

▪️Биринчи көрсөтмөдөн баш тартам, анткени милиционерлер кыйнаган. Арак ичкем, өзүмдө эмес элем. Баштык кийгизип, сабашты. Мен өлтүргөн жокмун, кудай турат деп жаттым.  

▪️Мен өлтүргүм келсе таксиде, бет капчан кол кап кийип бармакмын. Аны азыр эч ким билбейт болчу.

▪️Аялдан акча, унаа, квартира алды дегендин баары калп. Тескерисинче, ал мага 30 миң доллардай карыз. 

▪️Дары ичем, намаз окуйм, тренировка кылып эстегенге аракет кылам. Мен балдарды өлтүрмөк эмесмин, коргонуучу реакция болду окшойт.  

▪️Салим менин балам эмес, атасы ким экенин айтчу эмес.   

▪️Аялым маркум тууралуу билчу эмес. Мен көбүнө жардам берчүмүн, баарын айтпайм да.

@abal-kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button