Бишкекте жашы жете элек кызды зордуктаган деген шек менен милиция кызматкери кармалды

Бишкек шаарында жашы жете элек кызды зордуктаган деген шек менен милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы (ШИИББ) билдирди.
Маалыматка ылайык, 11-декабрда Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына райондук башкармалыктын ИДН СОБ бөлүмүнүн башчысы рапорт менен кайрылган. Анда мектептердин биринин 8-классынын окуучусу Ж.А. 2025-жылдын ноябрь айынын аягында милиция кызматкери менен жакын мамиледе болгонун билдиргени айтылат.
Аталган факт боюнча Бишкек ШИИББнын тергөө кызматы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси («Зордуктоо») боюнча кылмыш ишин козгоду. Учурда кызмат өтөп жүргөн милиция кызматкери А.А. кармалды.
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен шектүү эки айга №1 тергөө абагына камакка алынды. Тергөө иштери уланууда.



