ВИДЕО: Ысык-Көлдө браконьердик менен күрөшүү боюнча масштабдуу иштер башталды

Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынын башчысы О.Кочкоровдун тескемеси менен экологиялык укук бузууларды аныктоо жана анын алдын алуу боюнча мобилдик топтор түзүлдү. Мобилдик топторго туристтик-экологиялык милициянын, милициянын аймактык ыйгарым өкүлдөрү, тергөө кызматынын жана кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери кирип, алар балыктын урук чачуу багытында күнү-түнү кезмет иштерин жүргүзүшөт.
Талдоо көрсөткөндөй, күздүн акыркы айларында браконьерлер активдешип, күн сайын кечинде көлгө чыгып, урук чачкан балыктарды кармашат. Анткени, уругу бар балыктар браконьерлер үчүн эң баалуу олжо болуп саналат. Ошондой эле, балыктар урук чачуу учурунда торлорду көлдүн жээктерине жакын коюуга болот. Өз кезегинде болсо, милиция кызматкерлери мыйзамдырды бузган жарандарды кармап, көлдүн акваториясын браконьерлердин торлорунан тазалашат.
Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициясы өткөн жылдарга салыштырмалуу мыйзамсыз балык кармоо менен алектенген жарандардын саны кыйла азайганын, бирок жеңил акча табууну сүйүүчүлөр дагы деле бар экендигин белгилешти. Анткени, браконьерлер үчүн балыктардын урук чачуу мезгили — бул өзгөчө ыӊгайлуу мезгил болуп саналарын жана ушул мезгилде балыктар үйүрү менен сүзгөндүктөн, торлорду алардын багытында коюуга гана үлгүрү керектигин да маалымдашты. Ошондуктан, рейддик иш-чаралар башталары менен эле, алгачкы жыйынтыктар өзүн көп күттүргөн жок. Алып айтсак, Түп районунда орун алган Николаевка булуңунда гана милиция кызматкерлери тарабынан көлдөн узундугу 5 чакырымды түзгөн 50дөн ашык данаа браконьердик торлор аныкталып, тазаланып чыкты.
Рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан браконьерлик фактыларын аныктоо жана көлдү балык кармоочу торлордон тазалоо боюнча гана иштер жүргүзүлбөстөн, браконьерликке катышууга жол бербөө максатында жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштери да уюштурулат.





