Милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө

Милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө. 2023-жылдын 25-27-октябрь күндөрү милиция кызматкерлери Бишкекте ШКУга, КМШга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйындарын өткөрүү учурунда күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, коомдук тартипти жогорку деңгээлде камсыздашууда.

Кыргыз милициясы жогоруда аталган мамлекеттик маанилүү иш-чараларды өткөрүүдө коомдук тартипти жогорку деңгээлде камсыздоодо.
Белгилей кетсек, коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо үчүн 4000 миңге жакын милиция кызматкерлери тартылган.
Урматтуу жарандар, бул мамлекеттик маанидеги иш-чара учурунда коомдук коопсуздукту камсыздап жаткан милиция кызматкерлеринин талаптарын туура түшүнүү менен кабыл алууңуздарды суранабыз.




