
“Израиль 7-октябрдан бери Газа секторундагы күнөөсүз адамдарга ракеталарды жаадырганы эң эле кандуу жана жийиркеничтүү кадам. Каза болгондордун дээрлик жарымы жаш балдар, калганы алардын энелери жана туугандары. Мына ушул эле маалымат максаты өзүн-өзү коргоо эместигин көрсөтүүдө. Дүйнөдө күнү-түнү болгон курал-жарагы менен шаарды бомбалап, балдарды өлтүргөн бир да армия же өлкө жок. Эй, Израиль, сен уюм болушуң мүмкүн, анткени Батыш сага көп акча арыз, бирок Түркия сага эч кандай карыз эмес”, — деди ал.
Түркиянын президенти ХАМАС террордук эмес, өз жерин коргоо үчүн күрөшкөн бошотуучу уюм экенин билдирди. Ал Израилге болгон сапарынан баш тартканын кошумчалады.



