Коом

Бишкекте май токоч сатылган күркөдөн өрт чыкты

Бишкектин Свердлов районунун «ДОсОО-Форт» базарынын маңдайында муниципалдык аймакта жайгашкан май токоч сатылган күркөдөн өрт чыккан. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ведомствонун маалыматына караганда, жерине 2 күжүрмөн эсеп тартылган. Тилсиз жоо саат 13:45те чектөөгө алынган, учурда толук өчүрүү иши жүрүүдө.

Алдын ала маалымат боюнча, өрттүн жалпы аянты 70 чарчы метрди түзөт.

Кырсыктан жабыркагандар жок. Кошумча маалымат берилет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button