Коом

УКМКнын Чүй облусу боюнча Кемин райондук бөлүмчөсүнүн жаңы имараты ачылды – ФОТО

Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз борборунан билдиришти.

Бүгүн, 2023-жылдын 2-ноябрында Чүй облусунун Кемин районунда КР УКМКнын Чүй облусу боюнча Кемин райондук бөлүмчөсүнүн жаңы имаратынын расмий ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары- КР УКМК төрагасы, генерал-лейтенант  К.К. Ташиев, КР Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү К.С Жумагазиев, Кемин районунун акими А.М. Жумаев, башкармалыктын өздүк курамы жана ардагерлер катышты.

Жаңы имарат бардык заманбап талаптарга жооп берет жана толугу менен улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин натыйжалуу ишин уюштуруу үчүн зарыл болгон эмеректер менен жабдылган.

КР УКМК төрагасы К.Ташиев өз сөзүндө улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине кайрылып, мамлекеттин коопсуздугу үчүн жүктөлгөн милдеттерди жогорку кесипкөйлүк менен аткаруу зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле, өлкөдө укук тартибин чыңдоо, мамлекеттик кызматкерлер арасындагы коррупцияны жоюу жана уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу, коопсуздук кызматкерлеринин башкы милдети экенин кошумчалады.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button