Коом
Министрдин орун басары Кайрат Иманалиев кызматынан бошотулуп, анын ордуна Тимурлан Ажымалиев келди

Иманалиев Кайрат Олжобаевич башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары кызматынан бошотулду.
Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Ажымалиев Тимурлан Максатбекович маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Буга чейин Тимурлан Ажымалиев президенттин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башкы эксперти кызматынан бошотулган.



