Милиция Ысык-Көлдүн акваториясында браконьерликке каршы күрөштү улантууда

19-октябрь күнүнөн тарта, балыктар урук чачуу мезгилинен баштап, Ысык-Көлдүн акваториясында браконьерликке каршы күрөшүү боюнча рейддик иш-чаралар өтүп жатат. Балык запастарын коргоо боюнча рейддик иш-чаралар жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча региондор аралык башкармалыгынын, Ысык-Көл облусу боюнча ӨКМдин башкармалыгынын, ошондой эле башка кызыкдар мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен биргеликте жүргүзүлүп келүүдө.
Мыйзамсыз балык уулоо менен алектенген көлдүн жээгиндеги бардык тилкелерде милициянын посттору коюлуп, милициянын көчмө топторунун күзөт иштери уюштурулган. Белгиленген графикке ылайык, көлдө браконьерлердин балык уулоочу торлорун тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында, рейддик иш-чаралар башталгандан тартып, Ысык — Көлдүн түбүнөн 90дон ашык браконьердик балык уулоочу торлор тазаланып алынды.
3-ноябрдан 4-ноябрга чейинки мезгилде Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз балык кармаган үч жаранды аныкталып, тузака илинди. Кармалган браконьерлерден 115 даана балыктын ар кандай түрлөрү, 2 моторлуу кайык жана 7 даана синтетикалык балык торлору алынган.

Бардык аныкталган фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.
Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы жарандардан айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасап, аймактын экологиялык маданиятын калыптандырууга салым кошууну суранат! Ысык — Көлдүн туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери айлана-чөйрөнүн коопсуздугун жана анын сакталышын камсыздоо боюнча тынымсыз иштерди турмушка ашырып келүүдө. Күн сайын бул талыкпаган тартип сакчылары экологиялык коопсуздукту камсыз кылып, облус боюнча күн сайын күзөттөрдү өткөрүп турушат.
Браконьерлик биздин замандын негизги көйгөйү болуп саналат. Андыктан, баарыбыздын – коомдун жана мамлекеттин – жаратылышты жана анын жаныбарларын браконьерликтен коргоодо, бирдиктүү аракеттерди көрүү болуп саналат. Келечек муундар үчүн жаратылышыбыздын байлыгын сактап калуу үчүн, «Бир жакадан баш, бир жеӊден кол чыгарып» биргелешип иштөө керек, — деп билдирди Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматынан.







