
Президент Садыр Жапаров Сербиянын Белград шаарында өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпионатында медаль тагынган балбандарды куттуктады.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө ата мекендик спортчулар Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу жалпы командалык 3-орунду камсыздап, тарых барагын жаңыртып, жалпы кыргызстандыктарды чексиз кубанычка бөлөгөнүн белгиледи.
«Биз 2024-жылы Парижде өтө турган XXXIII жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алгандарга чоң үмүт жана ишеним артып жатабыз. Албетте, мамлекеттик тууну бийик желбиреткен спортчуларды көз жаздымда калтырбайбыз жана алардын жетишкендиктери бааланат деп убада беребиз.
Учурдагы чемпионатта ар бирибиз Акжол Махмудовдун чыдамкайлыгына жана ишенимине, Жоламан Шаршенбековдун шамдагайлыгына жана Жумашбек уулу Тайырбектин кынтыксыз кыймылдарына кылдат көз салдык.
Биз дагы Айсулуу Тыныбекованын алтын медалга ээ болоруна ишенчүбүз. Өз кезегинде Айпери Медет кызы жаракат алганына карабай, аягына чейин күрөшүп, сыйлыкка татыктуу болду», — деди ал.
Садыр Жапаров ошондой эле Кыргызстандан эле эмес, дүйнөнүн булуң-бурчунан келген жүз миңдеген мекендештер спортчулар үчүн тынчсызданып жатканын баса белгиледи.
Соңунда президент спортчуларды жана жалпы машыктыруучулар штабын жеңиши үчүн дагы бир жолу куттуктап, ыраазычылык билдирди.
Эскерте кетсек, Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков алтын медаль, Айпери Медет кызы күмүш, Тайырбек Жумашбек уулу коло медаль тагынган.
Айта кетсек, Айсулуу Тыныбекова дүйнөнүн үч жолку чемпиону, Акжол Махмудов менен Жоламан Шаршенбеков эки жолку дүйнөнүн чемпиону болушкан.



