Окуялар

Баш мээсинен жаракат алган. Баткенде чек арачы ооруканада каза болду

Кечээ, 8-ноябрда Баткен облусунун чек ара отрядынын контракттык аскер кызматкери спорттук жана атайын иш-чараларда коопсуздук эрежелерин бузуунун кесепетинен каза болду. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти. 

Алдын ала маалыматтар боюнча, атайын спорттук иш-чаралардын жүрүшүндө 1996-жылы туулган прапорщик Ы. уулу С. баш мээсине оор жаракат алып, тез арада Баткен облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Көрсөтүлгөн жардамга карабастан ал ооруканада каза болгон.

Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып жатат. Бул факты боюнча бардык тиешелүү органдарга маалымат берилип, окуя болгон жерге Баткен гарнизонунун Аскердик прокуратурасынын өкүлдөрү жөнөп кетишти.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button