Коом
Кыргызстанда унааларга SEX, OPG, TJK, MVD сыяктуу өзгөчө комбинациядагы номерлерди тагууга тыюу салынды

Мындай аббревиатуралар уятсыз жана эки маанини түшүндүрөт деп саналган.
“Инфоком” мамлекеттик ишканасы бул боюнча буйрук чыгарып, аны активист Данил Шуваловго жөнөткөн. Буга чейин ал уят-сыйга дал келбеген жазуулар менен да номерлер берилип жатканына көңүл бурууну суранган.
Тыюу салынган тамгалардын комбинациясынын болжолдуу тизмеси катта көрсөтүлгөн.
@abal-kg




